Партияга карата исламисттик иш-аракеттерди жасаган деген айып тагылууда. Дүйшөмбүдө 11 сот өкүлү жабык эшик артында прокуратуранын арызын карап чыгат. “Акыйкат жана өнүгүү” партиясынын мүчөлөрүнүн катарында Түркиянын президенти Абдула Гүл жана премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган бар. Эгерде сот партиянын ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуулар болгон деп тапса, анда алар беш жыл аралыгында эч бир партияга мүчө боло алышпайт.
Түркиянын Конституциялык соту бийликтеги “Акыйкат жана өнүгүү” партиясынын ишин 28-июлда карайт