Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:54

11:27 Кыргыз коомчулугу Асанкан Жумакматов менен коштошту


Чыгаан дирижер Асанкан Жумакматовдун сөөгү Улуттук опера жана балет театрына коюлуп, коштошууга анын талантын кастарлаган миңдеген адамдар келишти. Акыркы сапарга узатууга арналган чогулушту биринчи вице-премьер министр Искендербек Айдаралиев ачып, премьер-министр Игорь Чудинов сөз сүйлөдү. Ал кыргыздын Моцарты атын алган Асанкан Жумакматовдун кайталангыс таланты менен эмгеги кыргыз искусствосу гана эмес дүйнөлүк музыкада из калтыргандыгын баса белгилеп, ал симфониялык оркестрдин коштоосуна салган кыргыздын элдик музыкасы түбөлүккө кызмат кылаарын белгиледи. Андан кийин сөз сүйлөгөн искусство жана маданият ишмерлери Асанкан Жумакматовдун талыбаган эмгекчилдиги менен өзүнө койгон бийик талабы жалпы коомчулукка сабак болорун айтышты. Кыргыздын улуу музыкантынын сөөгү Бишкектеги Аларча көрүстөнүнө коюлат. (BD)

XS
SM
MD
LG