Кеңешмени премьер-министр И.Чудинов алып барууда. Анда 2008-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана экинчи жарым жылдыкка милдеттерди аныктоо. Экинчиси – «Токтогул суу сактагычында зарыл көлөмдөгү суунун жыйналышын камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2008-2009-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча чаралар жөнүндө» Өкмөттүн токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу маселе каралмакчы.Кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, областтардын губернаторлору, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери катышууда. (AJ)