Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:28

ПРЕЗИДЕНТ ӨКМӨТТҮН ИШИНЕ КАНААТТАНГАН ЖОК


Кечээ президент Курманбек Бакиевдин катышуусу менен болгон өкмөт жыйыны министрликтер менен мекемелердин өткөн алты ай ичинде жүргүзгөн ишин канааттандырарлык эмес деп тапты. Ага өкмөттүн келечекти баамдай билген саясат жүргүзүп, баа менен инфляциянын өсүшүн ооздуктай албай, алдыда алкымдап турган экономикалык кыйынчылыктардан кантип чыгаар жолду алиге аныктай албай жатканы башкы себеп болду.

Кыргызстандын өткөн жарым жылдыгынын жыйынтыгы тууралуу маалымат берген Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун билдирүүсү боюнча, өлкө алты айда пессимисттик же сары убайым менен өнүктү. Ага өкмөт жарым жылда жасайт деп белгиленген 53 иш-чаранын бешөө аткарылбай, инфляциянын көлөмү 15 пайызды чамалаганы, экспорттун көлөмү 18 пайызга гана жетсе, импорттун ченеми 40 пайыздан ашканы далил. Ички дүң продукциянын көлөмү да өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 1,7 пайызга аз болуп, 7,1 процентти гана түздү. Кызмат көрсөтүү тармагында да өнүгүү ыргагы былтыркыга салыштырмалуу 13 жарым пайызга,сооданыкы 14 пайызга жакын төмөн болду. Натыйжада, соодан балансындагы тескери сальдонун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 57 проценттен ашты. Министр Акылбек Жапаровдун айтымында, Кыргызстан ушундай ыргак менен жүрүп олтурса жыл аягына чейин төрт ири коркунучка кептелиши мүмкүн. Алар инфляциянын өсүшү,азык-түлүк кризиси, энергетика тармагындагы кырдаал жалпы системалык кризиске алып барышы жана импорт менен экспорттун ортосундагы ажырымдын күчөшү. Жапаровдун айтымында, өкмөт биринчи коркунучтан чыгуу үчүн аракет көрүп жатат:

- Маркоэкономикадагы туруксуз абал инфляциянын өсүшүнө шарт түзүп, экономикалык өнүгүү менен калктын турмушуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул кризиске туш келтирбеш үчүн өкмөт Улуттук банк менен бирге инфляцияны ооздуктоо үчүн кошумча чараларды көрүп жатат. Андан тышкары Эл аралык валюта кору менен кеңешүүлөрдү өткөрүүдө.

Министр Акылбек Жапаров мындан тышкары калган 3 коркунучка кез келбеш үчүн өкмөт бир катар иш-чараларды жүргүзүп жаткандыгын кабарлады. Бирок, министр белгилеген багыттар президент Курманбек Бакиевди ынандырбай, тескерисинче асмандап жаткан баа жана ага шарт түзө турган күйүүчү май, электр энергиясы, отун эмне үчүн кымбаттап жаткандыгын салмактап көрбөгөн өкмөт мүчөлөрүнүн ыкшоолугуна нааразы болду:

- Мына сиздер өтө кооз сөздөрдү айтып жатасыңар. Дагы эле пландарды түзүү, көрсөтмөлөрдү берүү деп жатасыңар. Мунун баары тантырактык. Силер качан ыкчам, тыкан иштегенди үйрөнөсүңөр? Мен муну канча жолу айтам? Өкмөт бир жыйындан экиничи жыйынга чейин деп эле иштөөгө тийиш эмес. Ички анализди ким жасайт? Базарга барсаңар кичине, элдин турмушу базарда жүрүп жатат. Өзүңөр барбасаңар аялыңарды жибергиле!

Экс-премьер-министр Амангелди Муралиевдин баамында, президенттин минтип өкмөткө түс кайрышына толук негиз бар. Чынында кооз программа-пландарды түзгөнү менен аны ишке ашырууга өкмөт чындап жан үрөгөн жана мурда башталган аракеттерди уланткан жери жок:

- Акыркы 3-4 жылда экономикалык реформалар токтоп калды. Ал реформаларлды тездетиш зарыл эле. Айрыкча, айыл чарба жана өндүрүш тармагында реформаларды токтотпой, улантуу керек эле.

Амангелди Муралиев өкмөт өзү аныктап отурган кризистерге туш келбөө үчүн эми тезинен төмөнкүдөй аракеттерди көрүү керек деген пикирде:

- Биринчиден, өкмөт өзунүн алы жеткен бааларды өстүрбөш керек. Мына 1-июлдан баштап күйүүчү майдын, электр энергиясынын жана газдын баасы көтөрүлдү. Ага жараша ички баалар, айрыкча коммуналдык тармакта, транспортто баа жогорулады. Экинчиден, Улуттук банк менен өкмөт макроэкономикалык саясатка көңүл буруп, экспортту жөнгө салыш керек. Азыр колдо болгон акчаны импорт менен экспорттун ортосундагы балансты түздөгөнгө салыш керек. Анткени, бул улуттук валютаны кармап турган негизги фактор. Үчүнчүдөн, административдик чыгымдарды кыскартыш керек. Азыр жаңы элчиликтер ачылып, жаңы техника, мебель, машиналарды алып жатат. Бул жагынан өкмөттүн абдан сарамжалдуу болушу зарыл.

XS
SM
MD
LG