Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:05

28-ИЮЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Фергана аскер губернатору генерал-майор М. Д. Скобелев 1876-жылдын 28-июлунда Үч-Дөбөгө келген. 1959-жылдын 28-июлунда Вьетнам Демократиялык Республикасынын президенти Хо Ши Мин Кыргызстанга визит менен келген.

Фергана аскер губернатору генерал-майор М. Д. Скобелевдин Алай чапкыны туурасындагы рапортуна караганда орус отряды 1876-жылдын 28-июлунда Үч- Дөбөгө келген. Бирок, жагдайга жараша кыштак орус отряды тарабынан ээленген эмес. Орус отряды Үч-Дөбөдө өргүүдө турган маалда, Шабдан баатырдын жигити Абдылдабек менен сүйлөшүү ийгиликсиз аяктаганын кабарлаган. Алынган маалыматка ылайык, Абдылдабек колго түшүүгө макулдугун берип, ал эми анын айланасындагылар орус бийлиги менен согушту улантууну туура көрүшкөн.

1876-жылдын бул күнү Фергана аскер губернатору генерал-майор М. Д. Скобелев флигель-адъютант, полковник Витгенштейнди бир рота аскер жана эки замбирек менен Үч-Дөбөгө бекинген Абдылдабекке каршы жөнөткөн. Орус аскерлерине Талдык ашуусуна караганда кыйла татаал, бирок жолду кыскарткан Арча дават багыты тандалып алынган.

Фрунзе шаардык Кеңеши 1928-жылдын 28-июлунда «Добролет» ыктыярдуу коомуна аэродром куруш үчүн шаардан жер бөлүп берүү чечимин чыгарган.

Ал кез үчүн сейрек конок-Вьетнам Демократиялык Республикасынын президенти Хо Ши Мин 1959-жылдын 28-июлунда Кыргызстанга визит менен келген. Вьетнам коммунисттеринин лидерине шаардын маданий борбору, асыл тукум алатоо тукумундагы ири мүйүздүү малды жетиштирген «Стрельникова» атындагы чарба көрсөтүлгөн.

Көл кылаасында жаңы шаар 1989-жылдын 28-июлунда пайда болгон. Мурдагы Рыбачье шаар статусун алып, эми ал Ысык-Көл аталып калды. Кыска убакытка ал бириккен Ысык-Көл жана Нарын областтарынын борборуна айланып, мында коомдук-маданий мекемелер үчүн жаңы имараттар курула баштаган.
2003-жылдын 28-июлунда Бишкекте «Дүйнөлүк соода уюму жана Кыргыз өкмөтүнө караштуу мекеме аралык комиссия: анын ролу жана милдеттери» деген темада эл аралык семинар ишин баштады.

Бул күнү, 1540-жылы англиялык мамлекеттик ишмер Оливер Кромвель жазага тартылып, 1588-жылы сэр Томас Хэрриот Европага картошканы алып келип, 1896-жылы Америкада Флорида шаары негизделип, 1900-жылы Луи Лессинг гамбургер тамагын чыгарып, 1804-жылы философ Людвиг Фейербах жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG