Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:42

18:10 Жалал-Абат облусунун үч районунда күрүч көп айдалгандыктан суу тартыш болууда


Облустун Сузак жана Базаркоргон райондорунда күрүч былтыркыдан 2-3 эсеге көп эгилген. Күрүч сууну көп талап кылгандыктан аларга коңшу болгон Ноокен районунда эгин суусу дыйкандарга жетишсиз болууда. Күрүч өстүрүүдө санитардык талаптар эске алынбагандыктан безгек оорусу да чыгышы ыктымал. Райондорго былтыр күнүнө 20 чарчы метр суу берилип турса, быйыл ал 12 чарчы метрге барабар болууда. Эгин суусун жетиштүү түрдө камсыз кылууну талап кылышып, өткөн апталарда 50 жана 60дай адамдар Базаркоргон жана Аксы райондук бийликтерине нааразы болуп барышкан. (YA)

XS
SM
MD
LG