Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:41

СУЛАЙМАН-ТОО ЮНЕСКОнун БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МУРАСТАРЫНА КИРҮҮ БОСОГОСУНДА


Экинчи Мекке атыккан Сулайман тоо ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кошулуу астында турат. Бул кубанычтуу кабарды оштуктар чын дилден кубаттап жатышат. Ошол эле учурда айрым тургундар жана эксперттер ажайып жайга мэриянын асма жол куруу демилгеси уникалдуу объектинин бузулушуна, атүгүл бара-бара талкаланышына, акырында ЮНЕСКОнун тизмесине илинбей калышына шылтоо болот деп кабатыр. Калаа жетекчилиги мындай кооптонууга негиз жок деп эсептешет.

Кыргызстандын маданият жана маалымат министри Султан Раев «Азаттыкка» билдиргендей, Канадада өткөн ЮНЕСКОнун 32-жыйынында Сулайман тоону бул эл аралык уюмдун баалуу мурастар тизмесине киргизүү демилгеси 21 мамлекеттин көпчүлүгүнүн колдоосуна татыды. Эми маанилүү жайдын кийинки тагдыры Испанияда уланчу чогулушта биротоло чечилмекчи.

Нарындын алыскы Ат-Башы районунан келген Темирбек Жакыпов Сулайман тоонун сулуулугуна суктанып, бирок, айлана-чөйрөсүнүн тазаланбай, көрктөндүрүлбөй жаткандыгына тызылдады. Анткен менен объект ЮНЕСКОго кошулса, каражат маселеси кендирди кеспей калаарына көзү жетип тургандыгын жашырган жок:

- Ыйык жерде болгондон кийин биз тазалыгын кармашыбыз керек. Экинчи Мекке деп Орто Азия боюнча мактанып, даңазасы, атагы чыккан жер. Эми ЮНЕСКОго кирсе, каражат каралат да. Бул жагын жашылдандырып, сууну сордурса ого бетер сонун болот эле. Музейдин астындагы нерселерди саттырбаганга аракет кылышыбыз керек.

Президентке караштуу коррупцияны алдын алуу агенттигинин Оштогу өкүлү Барпы Баратов "Эл эки жолдун бирин тандаганы оң. Биринчиси: Сулайман тоону бүлүндүрүп, шаар жетекчилиги пайдага туйтунчу асма жол курушубуз керек. Болбосо, ЮНЕСКОнун тизмесине илинип, дүйнөнүн кайталангыс мурастарынын катарын толуктап, бул аркылуу шаардын өнүгүүсүнө ыңгай жаратышыбыз абзел" деген калыбынан жаза элек:

- Мэрдин кызыкчылыгы бар. Алар канат жолдун эсебинен акча алабыз деген ойго келип атат. Бул жерде элдин кызыкчылыгын караш керек.

Кыргыз Улуттук илимдер Академиясынын тарых институту түзгөн топтун башчысы, өлкө маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бакыт Аманбаева Сулайман тоо ЮНЕСКОнун баалуу мурастарына кошулчу күн жакындап калганына кубанып, бирок аткарылчу иштер али алдыда экендигин айтат:

- Орто Азияда ушундай жалгыз тоо болгондон кийин баркына жетсек жакшы болот. Мыйзам чегинде азыр бир чечимге келишибиз керек.

Ош шаар мэри Жумадыл Исаков президент Бакиевдин Жарлыгына ылайык Сулайман тоого асма жол курулбай тургандыгын, ажайып жайды ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине коштурууга калаа жетекчилиги чындап кызыкдар экендигин "Азаттыкка" маалымдады:

-Асма көпүрө курулуп калса, анда Сулайман тоо бүткүл дүйнөлүк мурас катары ЮНЕСКОнун тизмесине кирбей калышы мүмкүн деген ойлорду айтып атышат. Ага эч кандай негиз жок.

Жаш саясатчы Абдувахап Мониев Сулайман тоо дүйнөлүк ири тарыхый-маданий баалуулуктардын катарынан орун алып калса, Кыргызстан көп жагынан утат деген ынанымда:

- Биздин экинчи борборубуздун чок ортосунда жайгашкан, айрыкча мусулман дүйнөсүндө өзгөчө мааниси бар Сулайман тоосунун акыбалы бүгүнкү күндө адам ыйлагыдай кейипте келатат. Эгерде ЮНЕСКОнун тарыхый-маданий баалуулуктар тизмесине кирип кала турган болсо, ал эл аралык статуска ээ болуп, тоого кам көрүү, аны коргоо, сактоо, туристтердин жана зыяратчылардын келишине шарттар түзүлмөк, мааниси жогоруламак деген үмүттөмүн.

XS
SM
MD
LG