Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:26

7:00 Укук коргоочулар “Де-факто” гезитинин айланасындагы абалга тынчсызданууларын билдиришүүдө


“Бул –саясий буйрутма, бийлик тарабынан сөз эркиндигин кысуу,” деген пикирин “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова “Азаттыкка” билдирди. “Басылмага президенттин инисинин ар-намысы үчүн салынган 1 млн сом айыппулдан тышкары мамлекеттик салык инспекциясынын башчысы Таалайбек Далбаев менен айыл, суу чарба министри Арстанбек Ногоевдин пайдасына дагы 2 млн сомдук айыппул төлөп берүүгө “Де-фактону” милдеттендирген Биринчи Май райондук сотунун чечими өтө эле адилетсиз болуп калды,” деп белгиледи укук коргоочу. Динара Ошурахунова Биринчи май райондук соту жоопкер тарапты сотко чакырбай, катыштырбай туруп, мындай чечим кабыл алышы – Кыргызстандагы сот системасынын бийликке көз карандылыгын көрсөтүп турат, деп эсептейт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG