Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

7:15 Чет жактагы кыргызстандыктардын кызыкчылыгын коргоо жана колдоо улантылат


Мындай убадасын президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов кечээ “Замандаш” кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен болгон кеңешмеде берди. Администрация башчысы эмгек мигранттары үчүн маалыматтык борборлорду ачуу, алардын келечекте пенсия алуусуна байланыштуу механизмдерди иштеп чыгуу, этникалык жана буга чейин башка өлкөнүн жараны болуп келген кыргыздарга кош жарандуулук берүүнү жеңилдетүү маселелери дайыма көзөмөлүндө боло тургандыгын билдирди, деп маалымдады президенттик басма сөз кызматы.
22-июль күнү чет жактагы кыргызстандыктардын өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушундагы ролу” деген жыйын өтүп, анда сыртта жүргөн эмгек мигранттарына байланыштуу бир топ маселелер көтөрүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG