Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

13:12 Чет өлкөлүк донорлор менен өкмөт кредиттик портфелди салмакташты


Ага арналган жыйын дүйнөлүк каржы институттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Премьер-министр Игорь Чудиновдун төрагалыгында өтүп, акырында эки тараптуу меморандумга кол коюлду. Чет өлкөлүк донорлордон буга чейин алынган кредиттик портфелди салмактоо боюнча бешинчи жолку байкоо кыргыз өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп, алынган кредиттер жалпы жонунан натыйжалуу пайдаланылды деген бүтүмгө келди. Бирок,эң көп каражат алган Айыл, суу чарба, Билим берүү жана илим министрликтеринин аракети сынга алынды. Маселен, Айыл чарба министрлиги айдалбай калган жерлерди айдоого, кампаларды дан менен толтурууга жетише алган эмес. Билим берүү министрлигиндеги өксүккө жалпы тест сынагындагы көрсөткүчтөрдүн жыл сайын төмөндөп бара жаткандыгы далил. Мисалы, 2002-жылы тест сынагындагы туура жооптордун саны 59%ды түзсө, быйыл 39%га түшкөн. Ушундан улам мындан ары кредит даректүү пайдаланылып, натыйжасы айкын болсун жана өз мөөнөтүндө бүтпөй калган долбоорлорду ишке ашыруу кошумча каражатсыз бүткөрүлсүн деген сунуш айтылды. (BD)

XS
SM
MD
LG