Иракка кошумча аскер күчүн жиберүү чечимин Босниянын парламенти кабыл алды. Кабарларга ылайык, 36 жоокерден турган атайын бөлүккө 46 жоокер кошулат жана алар Багдадда жайгаштырылмакчы. Босниялык жоокерлер Иракта 2005-жылдан бери кызмат өтөп келет. Маалым болгондой, НАТОго кирүүгө умтулган Босния кийинки жылы Ооганстанга дагы өз аскерлерин жиберүүнү пландаштырууда.