Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:49

ООГАН БИЙЛИГИ СӨЗ ЭРКИНДИГИН БУТАГА АЛА БАШТАДЫБЫ?


Аида Касымалиева, Бишкек Ооган өкмөтү билдиргендей, көз карандысыз “Ариана” телеканалынын кабарчысы Насир Фаяз (Nasir Fayaz) ушул жумада өзүнүн телекөрсөтүүсү аркылуу министрлер кабинетин акаарат үчүн камакка алынган. Буга чейин медиа жаатында иштеген укук коргоочулар 2001-жылы талиптердин бийлиги урагандан соң, Ооганстанда сөз эркиндиги баралына келе баштаганын белгилеп келишкен. Эми болсо укук коргоочулар Ооган өкмөтүнүн соңку учурдагы кадамдарын сөз эркиндигине каршы кысым катары баалашууда.

Ооган сыналгы журналисти Насир Фаяз үч күн камакта отуруп, шаршемби күнү бошотулду. Журналист өзүнүн ар жума сайын чыкчу “Акыйкат” аттуу телекөрсөтүүсүндө эки министрге акаарат келтирген деген доо менен кармалган.

Фаяздын камалышын башка ооган журналисттери, медиа укуктары боюнча топтор жана көптөгөн парламент депутаттары кескин сындашып, бийликтин бул аракетин сөз эркиндигин кысмакка алуу менен теңесе, өкмөт болсо “Ариана” телеканалына жана анын журналистине “жалпы улутка таанымал министрлер менен белгилүү адамдарды жөнү жок жемелеген жана акаарат кылган” деген күнөө койду.

Насир Фаяз 28-июлда Улуттук коопсуздук башкармалыгына биринчи жолу чакырылган, андан соң үч күн бою камакта жаткан.

Теле алып баруучунун иши ооган парламентинде 30-июлда (шаршемби күнү) кызуу талкууга алынып, бир топ депутаттар анын чукул арада бошотулушун талап кылышкан соң гана ал эркиндикке чыккан.

Ал эми парламенттин дагы бир депутаты Кабир Ранжбар (Kabir Ranjbar) Улуттук коопсуздук башкармалыгынын Фаязды камакка алышы өлкөнүн Баш мыйзам жоболоруна каршы келээрин айтты.

-Мен мыйзамды колдойм. Мен Баш мыйзамды колдойм. Балким Фаяз чынында эле ката кетиргендир, бирок анын айыбын аныктоо соттордун гана иши. Журналистти камоо туура эмес болду. Улуттук коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси парламентке келип, эмне себептен Баш мыйзам бузулганын айтып бериши зарыл.

Камакка алынган журналист Насир Фаяз өзүнүн телекөрсөтүүсүндө Соода министри Мухаммед Амин Фархангды, Суу жана энергетика министри Исмаил Ханды сындаганы тууралуу айтылууда.

Ооган өкмөтүнүн билдирүүсүнө таянсак, Исмаил Хандан журналист өзүнүн үйүн 24 саат бою электр кубаты менен камсыздоону өтүнгөн, бирок министр буга макул болбой койгон. Эсиңиздерге сала кетсек, Кабулда электр жарыгы маал-маалы менен берилет. Өкмөттүн бул билдирүүсү Фаяз министрдин «жок» деген жообуна кыжырданып, программа учурунда аны атайлап какшыктаган деген ойду кыйытууда.

А бирок «Ариана» телеканалынын билдиришинче, сөз болуп жаткан программа акыркы төрт жыл ичиндеги Ооганстандагы коопсуздук, саясий жана маданий кырдаал боюнча маектерге жана серептерге негизделген.

Көптөгөн байкоочулар талиптер жеңилген 2001-жылдан кийинки Ооганстандын эң башкы жетишкендиги катары сөз эркиндигин мисал келтиришет. Себеби акыркы жети жылдын ичинде Ооганстанда жүздөгөн гезиттер, теле жана радио компаниялар ачылган.

Деген менен айрым ооган журналисттери акыркы жылдары өкмөт сөз эркиндигин тумчуктурууга аракеттенип жатканын белгилешүүдө.

Ошол эле тапта эскичил көз карашты тутунган мамлекеттик жетекчилер жана таасирдүү диний башчылар жергиликтүү медиага «Исламга каршы жана уятсыз көрсөтүүлөр уюштурду» деп чабуул жасашууда.

Ушул жылдын март айында Ооганстандын Маалымат жана маданият министри «Толо» аттуу телеканалды эркек менен аялдын чогуу бийлеп жатканын көрсөткөндүгү үчүн кескин сындаган.

23 жаштагы журналист Парвез Камбахш интернеттен Ислам дининин аялга жасаган мамилесин кескин сындаган текстти чыгарып, жайылтканы үчүн өлүм жазасына буйрулган. 2007-жылдын октябрь айынан тарта абакта отурган журналист өлүм жазасын алып салуу суранычы менен кайта-кайта арыз жолдоодо.

Кыргызстандагы Медиа-Өкүл институтунун директору Илим Карыпбеков Ооганстанда сөз эркиндиги жаатындагы абалга таң калбайт жана анын оюу боюнча талиптердин бийлиги урагандан кийин деле олуттуу өзгөрүүлөр болгон жок.

-Шарияттын чегинде жашаган Ооганстан үчүн демократиялык принциптерди карманган өлкөдөгүдөй сөз эркиндиги болушу мүмкүн эмес. Ал жерде сөз эркиндиги таптакыр башка нукта каралат.

«Ирода» жумалык гезитинин башкы редактору Файз-ур-Рахман Ориянын айтуусунда, учурда ооган журналисттеринин эркиндиги 6-7 жыл мурункуга караганда кыйла чектелген. Ориянын кесиптештери макалаларын өздүк цензурадан өткөрүшөт, себеби алар жазган макалалары үчүн камалып кетүүдөн коркушат.

- Эң жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлер журналисттерди коркутушат, камашат жана кордошот. Алар түркүн жолдор менен журналисттердин маалымат алууга болгон укугун чектешет. Мыйзамды бузган өкмөт мүчөлөрү журналисттердин алардын жасаган иштери жөнүндө жазышын каалашпайт.

Ооган журналисттери бир гана мамлекеттик кызматкерлердин кысмагына тушугуп чектелишпейт. Согуштан алсыраган өлкөдө журналисттерге мурдагы корбашылар жана баңги зат сатуучулар да коркунуч туудуруп келет.

Радио журналист Закия Заки айым былтыр түндүктө жайгашкан Парван аймагында атып өлтүрүлгөн. Ооган бийликтери муну террорчулардан көрүшкөн.

Закинин өлүмүнөн бир жума мурун дагы бир журналист кыз - 22 жаштагы сыналгы алып баруучу Санга Амач Кабулда өзүнүн үйүнүн жанында өлтүрүлгөн. Аны журналист айымдардын ишмердүүлүгүн жек көргөн бир эркек тууганы өлтүргөндүгү тууралуу кабарланган
XS
SM
MD
LG