Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:46

11:30 Канат Аманкулов: Кыргызстандын ветеринардык кызматы өтө төмөнкү деңгээлде


“Алардын начар ишинин кесепетинен биздин тулпарларды Алматыдан ары чыгара албайбыз. Олимпиадага жолдомо алган күндө да ал жакка аттарыбызды алып бара албайт болчубуз. Эл аралык ветеринардык кызматкерлер бизге уруксат бербейт. Себеби, бизде мал оорулары көп, ар кандай ылаңдарды алып келесиңер деген негизде уруксат бербейт”,-деп билдирди Улуттук олимпиадалык комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов “Азаттыкка” берген маегинде. Анын айтымында, спорт жана дене тарбия боюнча саясатты мамлекеттик агенттик координация кылышы керек. “Биз көп нерсени унутуп коюп жатабыз. Элге билим берүү министрлиги өспүрүмдөрдүн ден соолугун такыр карабайт. Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы өзүлөрү менен өзү болуп жүрүшөт”,- дейт Аманкулов. (AJ)

XS
SM
MD
LG