Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

АКШ Иранды өзөктүк программасын токтотууну талап кылууда


Иран эгер өзөктүк программасынын токтотуусунун ордуна берилүүчү жеңилдиктер боюнча соңку эл аралык сунуштарга оң жооп кылбаса, ага каршы жаңы санкциялар киргизилет. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын расмий өкүлдөрү билдирүүдө. Мамлекеттик депаратаменттин өкүлү Гонсало Галлегостун айтымында, Ирандан оң жооп болбогон шартта кошумча чараларды көрүү жөнүндөгү макулдашуу ошол сунуштардын автору БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү менен Германиянын ортосунда жетишилген. Иран болсо жазуу жүзүндөгү жообун 5-августка карата берүүнү убада кылган. Бул аралыкта, маалыматтарга караганда, Иран президенти Махмуд Ахмадинеджад келерки аптада Түркияга келери күтүлүүдө. Түркия Ирандын өзөктүк программасынын тегерегиндеги талашты чечүүгө жардам көргөзүүнү сунуш кылган.

XS
SM
MD
LG