Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

12:35 АКШ элчилиги: ИИМ тарабынан табылган курал-жарактар кыргыз өкмөтүнүн уруксаты менен апкелинген


Элчиликтин “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча КР ИИМдин атайын операциясынын негизинде табылган курал-жарактар тиешелүү бийликтердин уруксаты менен апкелинген. Ал эми операция учурунда үйдө болгон америкалык 10 аскер кызматкери кыргыз өкмөтүнүн атайын чакыруусу менен Кыргызстандын күч органдарын терроризмге каршы күрөшүүгө үйрөтүү максатында өлкөгө келишкен. Аларга тиешелүү болгон курал-жарактар мына ушул окутуп-үйрөтүү учурунда колдонула турган жабдыктар болгон. Курал-жарактардын баары жана алар жайгашкан үй кыргыз өкмөтүнүн коргоосу алдында болгон, деп кабарлады элчиликтин атын айткысы келбеген кызматкери. Анын айтуусунда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги бул жагымсыз кырдаал оңдолушуна жана эки мамлекеттин кызматташтыгына доо кетирбөөсүнө үмүттөнөт. Ошондой эле Кыргызстандын терроризмге каршы күрөшүү мүмкүнчүлүгүн күчөтүү боюнча эки өлкө биргелешкен кызматташтыгын уланта берет, деп белгиледи элчиликтин кызматкери.
КР ИИМ басма сөз кызматынын маалыматы боюнча АКШ жарандары турган үйдөн табылган көп өлчөмдөгү курал-жарак боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы иш алып барууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG