Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Осама бин-Ладендин айдоочусун сот айыптуу деп тапты


АКШнын аскерий соту "ал-Каиданын" лидери Осама бин-Ладендин мурдагы айдоочусу Салим Хамданды террорчуларга материалдык колдоо көргөзгөнү үчүн айыптуу деп тапты. Бирок аскерий сот андан мындан оорураак - террордук кол салууга аракеттерди ишке ашыруу үчүн "ал-Каида" менен жашыруун кутумга баруу деген айыпты алып салды. Бирок Салим Хамдан эң көп дегенде өмүр бою түрмөгө кесилиши мүмкүн. Йемендин жараны Салим Хамдандын үстүнөн соттук териштирүү Кубанын Гуантамо аралындагы америкалык түрмөдө жүрүүдө. Бул Гуантамодо кармалып турган чет элдиктердин иши боюнча алгачкы соттук жараян.

XS
SM
MD
LG