Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

Дүйнөнүн алты ири өлкөсүнүн ортосунда Улуттар уюмунун Иранга каршы жаңы санкцияларынын үстүнөн иштөө боюнча макулдашуу жок


Бул тууралуу кабарчыларга Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин билдирди. Мунун алдында кечээ АКШ, Британия, Франция, Германия, Кытай, Орусиянын дипломаттары бул алты өлкөнүн сунушуна Ирандын берген соңку жообунан кийин түзүлгөн кырдаалды телефорн аркылуу талкуулаган эле. АКШ менен Британия Иран өткөн айда берилген сунуштарга талаптагыдай жооп бербегендиктен, алты өлкө БУУнун Коопсуздук кеңешинин Тегеранга каршы төртүнчү санкциясынын долбоорун кароону макулдашканын маалымдаган болчу. Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германиянын сунушуна ылайык, Иран уран байытуу программасынан баш тарткан шартта, экономикалык жана техникалык жардам берилмек.

XS
SM
MD
LG