Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

Грузиянын бийликтери орус согушук учактары тарабынан Поти шаарын жана башка позицияларды бомбалоо болуп жатканын билдирүүдө.


Грузия тарап алты согуштук учакты атып түшүргөнүн билдирүүдө, орусия тарап эки учагын жоготконун гана айтууда.

Түштүк Осетиядагы кырдаал курчуганынан байланыштуу Грузия Ирактагы эки миң аскерин алып чыгып кетмекчи болуп жатат. Бул жөнүндө бүгүн Ирактагы грузин күчтөрүнүн командачысы Бондо Майсурадзе билдирген.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев бүгүн эртең менен коргоо министри менен жолугушууда Орусиянын бейпилдик күчтөрү Грузин тарапты тынчтыкка мажбурлаган операция жүргүзүү жөнүндө буйрук берген.

Бүгүн ошондой эле Грузиядагы согуш темасында АКШ менен Орусиянын президенттери Медведев менен Буш телефондон сүйлөшкөнү белгилүү болду. Бирок ортодо болгон сөздүн мазмуну азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG