Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

Франциянын президенти иш сапары менен Москвага барат


Франциянын президенти Николя Саркози эртең (12-августта) Грузия менен Орусия ортосундагы жаңжалга арачы болуу үчүн иш сапары менен Москвага барат. Бул тууралуу француз тышкы иштер министри Бернар Кушнер билдирди. Ушул тапта Евробиримдикте төрагалык кылган Франция биримдиктин атынан Түштүк Осетиядагы кырдаалды жөнгө салуу аракетин көрүүдө. Министр Кушнер бүгүн Тбилисиде президент Михаил Саакашвили менен жолугушту. Ушул эле күнү Кушнер Москвада президент Дмитрий Медведев менен дагы жолугары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG