Кытайдын расмий басма сөз каражаттарынын жазганына караганда Шинжаң Уйгур автономдук облусунда кол салуудан үч полициячы өлтүрүлүп, дагы бирөө жаракат алган. Кытай бийлиги бул кол салуулардын артында Олимпиадалык оюндарга тоскоол болууга умтулган мусулман жикчилери турарын айтты. Бир апта мурда Кашгар шаарында кол салуудан 16 полициячы набыт болгон. Жекшемби күнү Шинжаң облусундагы Кука шаарында бир нече жерде орун алган жардыруулардан 11 адам мерт кеткен.
Зейнеп Мартбек кызы, Прага
Зейнеп Мартбек кызы, Прага