Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

АКШнын президенттигине талапкерлер Түштүк Осетиядагы кырдаал боюнча пикирлерин айтышты


Орусиянын Грузияга чабуулу өтө олуттуу жана узак мөөнөттүү кесепеттерге алып келет. Бул тууралуу АКШнын президенттигине талапкерлер Жон Маккейн жана Барак Обама билдиришти. Маккейн НАТОнун Түндүк Атлантикалык кеңешин чукул жыйын өткөрүүгө жана НАТО менен Орусиянын мындан аркы мамилелерин талкуулоого чакырды. Обама болсо Орусияны Грузиянын аймагынан чыгууга жана бул өлкөнүн Дүйнөлүк соода уюмуна кошулуу арызы каралып чыгышы керектигин айтты. Маккейн дагы, Обама дагы грузин президенти Михаил Саакашвили менен байланышканын айтышты.

XS
SM
MD
LG