Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

11:30 Тогуз коргоол боюнча эл аралык турнир өтөт


Оюн 12-августтан 16-августка чейин Ысыккөлдө болот. Сынакка Казакстандан, Орусиянын, Түркия, Өзбекстандан, Кытайдан жана Кыргызстандан оюнчулар катышат. Турнирди “Тогуз коргоол” федерациясы кыргыздан чыккан алгачкы чемпион Аалы Бектургановдун элесине арнап өткөрүүдө. Тогуз коргоол боюнча мындай турнир 12 жылдан бери жыл сайын өтүп келе жатат.
Ошондой эле кыргызстандык тогуз коргоолчулар сентябрь айынын аягында Чехиянын Прага шаарында өтүүчү интеллектуалдык оюндар боюнча эл аралык сынакка да чакырылган. Бул тууралуу КР “Тогуз коргоол” федерациясынын вице-президенти Камчыбек Касымов “Азаттыкка” кабарлады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG