Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июнь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:26

14:02 17-августта Таеквондо WTF чебери Расул Абдураим “Бээжин-2008” Олимп оюндарына бет алат


Бул тууралуу “Кыргызстандын Таеквондо WTF” ассоциациясынын жетекчиси Канат Деркенбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында таеквондочу Расул Абдураим буга чейин эле эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп, алдыңкы орундардын ээлеп келген. “Биз спортчубузга алтын медал жеңип келет деп чоң үмүт артуудабыз, анын даярдыгы да эл аралык деңгээлде десек болот. Ал эми Кыргызстан ушул спорт боюнча дүйнөдөгү эң кыйын төрт мамлекеттердин бири. Дүйнөлүк таеквондисттер федерациясы жана Эл аралык Олимпиада комитетинин аныктамасына ылайык алар: АКШ, Кыргызстан, Австралия жана Куба”,- дейт К. Деркенбаев. Олимпиадада таеквондо боюнча он алты спортчу таймашат. 18-августа таразалоо өтүп, 21-августа Расул Абдураим 68 кг салмакка чейинки биринчи беттешүүсүн өткөрөт. (ES)

XS
SM
MD
LG