Бүгүн Нарын облусунун губернатору Өмүрбек Субаналиев менен ЕККУнун өкүлү, элчи Эндрью Тесорьердин жолугушуусу болуп өттү. Тараптардын ортосунда Улуу Жибек жолу, кыргыз-кытай чек ара кырдаалы, тоо кен тармактары, облустагы экологиялык абал, алдыдагы жергиликтүү Кеңештерге шайлоо саясаты боюнча сүйлөшүүлөр болуп өттү. Мындан сырткары элчи Тесорьер “Нарын.kg” маалымат борборунда, шаардык ички иштер бөлүмүндө ЕККУнун колдоосу аркылуу жүзөгө ашырылып жаткан иш аракеттер менен таанышты. Элчинин Нарын облусундагы иш сапары 16-августка чейин улантылат. (KUs)