Кечээ Кабул шаарынын жанында белгисиз жоочулар Эл аралык Куткарып Калуу Уюму аттуу кайрымдуулук уюмунда иштеп жаткан 3 аялды жана алардын ооган айдоочусун атып өлтүрүштү. Кайрымдуулук уюму өзүнүн Ооганстандагы иш-аракетин убактылуу токтотоорун жарыялады. Бийлик бул үчүн жоопкерчилик талиптерде экенин билдирүүдө. Үстүбүздөгү жылы эле Ооганстанда кайрымдуулук уюмдардын 23 кызматкери өлтүрүлдү.