Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

11:20 №16 түрмөдөгү 680 жаза өтөөчүнүн 50гө чукулу өлүм жазасына чегерилгендер


Адилет министрлигинен алынган маалымат боюнча Беловодскидеги №16 абак оор кылмыш кылган деп айыпталгандардын жана бир нече жолу соттолгондор жаза өтөөчү, күчөтүлгөн режимдеги абак болуп эсептелет. Ал жерде жазасын өтөп жаткан 680 адамдын 47си өлүм жазасына өкүм кылынгандар. 14-август күнү саат 21 ченде абакта баш-аламандык башталып, анда абактагылар тартип коргоо органынын эки кызматкерин өлтүргөн жана бир нече прапорщиктерди барымтага алышкан. Түрмөдөгү кырдаал жаза өтөө жайлар башкармалыгынын жана атайын прокуратуранын өзгөчө даярдыктагы отряды тарабынан 15-августка караган түнү саат 1:00 ченде жөнгө салынган. Тартип коргоочуларга баш ийүүнү каалабаган дагы 40 чакты киши атайын этап менен түрмөдөн Бишкектеги СИЗОго которулду.(ZKo)

XS
SM
MD
LG