14-августан баштап Нарын облусунда иш сапары менен жүргөн Европа Коопсуздук Кызматтык Уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Эндрью Тесорьер бүгүн бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда ачкачылык жарыялаган И. Кадырбековдун колдоочулары кайрылуу тапшырышты. Кайрылууда “чыр-чатакты алдын алуу миссиясы менен катар адам укуктарынын кепилдиги болгон абройлуу эл аралык уюм катары биздин укугубуздун тепселенишине өз бааңыздарды билдириңиздер” - деп жазылган. Андан соң бүгүн эле Эндрью Тесорьер мырза жергиликтүү журналисттерге берген маалымат жыйынында бул окуя боюнча терең талдап чыгаарын билдирди. (JI)