Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Ангела Меркел менен Орусиянын президенти Дмитрий Медведев жолугушту


Бүгүн Сочиде Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Орусиянын президенти Дмитрий Медведев жолугушту. Тараптардын жолугушуусу мурдатан эле белгиленген. Бирок бул сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде Түштүк Осетиядагы кырдаал, Орусия менен Грузиянын мамилеси болмокчу. Кабарларга караганда, Ангела Меркел Батыш өлкөлөрү менен мамилени бузуп албоо үчүн Кремлди грузин бийлиги менен дипломатиялык сүйлөшүүлөргө артыкчылык берүүгө көндүрүү аракетин жасары күтүлүүдө. Москвадан кийин канцлер Меркел Грузияга жол тартып, жекшембиде Тбилисиде президент Михаил Саакашвили менен жолугшмакчы.

XS
SM
MD
LG