Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Орусия өз аскерин Кара деңиздеги Поти шаарынан чыгара элек


Расмий Тбилиси менен Кремль ортосунда шейшембиде жетишилген макулдашууга карабастан Орусия өз жоокерлерин Грузиянын эки шаарынан чыгара элек. Бул тууралуу жазган батыштык басма сөз каражаттарынын маалыматына караганда, орусиялык куралдуу күчтөр Грузиянын стратегиялык мааниге ээ Гори шаарынын негизги жолун буушкан. Орусия Гори шаарындагы көзөмөлдү эртең (16-августта) грузин полициясына өткөрүп берерин айтууда. Грузиянын Улуттук Коопсуздук кеңешинин башчысы дагы, Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү дагы Грузиянын Кутаиси аттуу экинчи ири шаарында орусиялык жоокерлер болбогонун тастыкташты. Бирок маалыматтарга ылайык, Орусия өз аскерин Кара деңиздеги Поти шаарынан чыгара элек.

XS
SM
MD
LG