Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

АКШ президенти Орусиянын бийлигин “Грузияны коркутуп-үркүтүп жатат” деп айыптады


Президент Жорж Буш мурдагы совет өлкөлөрүнүн бири болгон Грузия эркиндикти тандап алганын билдирип, бул өлкө менен Вашингтондун байланышы тыгыз бойдон кала берээрине ишендирди. Буштун оюнча, Орусия өз аскерлерин эгемен Грузиянын аймагына киргизүү менен өзүнүн эл аралык аброюна доо кетирген осол кадамга барды.

Бүгүн курорт шаар Сочиде орус президенти Дмитрий Медведев менен жолуккан Германиянын канцлери Англа Меркел айым да Орусияны Грузиядагы окуяларга карата ашкере күч колдонду деп сынга алып, Кремлди өз аскерлерин Грузия аймагынан тез арада чыгарып кетүүгө чакырды.

Ал эми орус президенти Медведев болсо Грузияны Франция арачылык кылып түзгөн тынчтык долбооруна тез арада кол коюуга чакырып, Кремл Грузияга карата туура иш-аракетке барды, керек болсо мындай кадамга орус өкмөтү кайра да барышы мүмкүн деп эскертти. Анын оюнча, эми Абхазия менен Түштүк Осетия кайрадан Грузиянын канаты астына баргысы келбейт.

Ал эми Латвиянын президенти Валдис Затлерс бүгүн Ригада чыгып сүйлөп, Батыш өлкөлөрү өздөрүнүн Орусия менен карым-катнашын кайра карап чыгышы керек деп билдирди. Латыш президентинин оюнча, соңку мүчүлүштүктөрүнөн кийин Орусиянын мындан ары бейпилдик күчтөрүн Грузияда кармап туруусу алгылыксыз, ошондуктан Батыш өлкөлөрү өздөрүнүн бейпилдик күчтөрүн бул жаңжал аймагына жиберүүгө тийиш.

Ал эми саал мурдараак Грузиянын ордо шаары Тбилисиге келген АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс француз президенти арачылык кылып түзгөн тынчтык долбоору жакшыртылышы зарыл, анын айрым беренелерине оңдоолор киргизилиши керек, бул долбоордо Грузиянын кызыкчылыктары сакталышы абзел деген пикирин билдирди. (TT)

XS
SM
MD
LG