Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

7:15 Абактардын абалы начар


Жаза өтөөчү жайларга тамак-аш, медициналык каражаттар, дары-дармектер жетишсиз. Мындай маалыматты жаза өтөөчү жайларды көзөмөлдөөчү атайын прокуратуранын жетекчиси Кубанычбек Мамакеев “Азаттыкка” билдирди. Анын кабарлаганы боюнча атайын прокуратура жаза өтөө жайлар башкармалыгы жана адилет министрлиги менен чогуу бардык абактардын абалы менен таанышып чыгууда. Түрмөлөр негизинен электр энергиясы менен жылытууга ылайыкталып жасалган, быйылкы шартка байланыштуу аларды көмүргө өткөрүү иштери жүргүзүлгөн эмес, бир тонна да көмүр жок, дейт Кубанычбек Мамакеев. Ушул тапта Кыргызстандагы жаза өтөөчү жайларда 11 миңге чукул киши кармалууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG