Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

11:57 “Де-фактонун” баш редакторунун ишин райондук сот кайра карары күтүлүүдө


Бишкек шаардык прокуратура баш редактор Чолпон Орозобекованын кылмыш иши боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу сунушу менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Бул тууралуу адвокат Нина Зотова бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Сот прокуратуранын арызын канагаттандырса, райондук сот отуруму кайра башталат, дейт адвокат.
“Де-фактонун” баш редактору Чолпон Орозобековага байланышкан кылмыш ишин Биринчи май райондук соту 27-июлда карап, кайра тергөөгө жөнөткөн. Баш редакторго каршы кылмыш ишин шаардык прокуратура атайылап жалган маалымат таратты деген негиз менен 14-июнда козгогон. Буга Замира Молдоеванын атынан президент Курманбек Бакиевдин дарегине гезитке жарыяланган кайрылуу негиз берген. Ушул эле кайрылуунун негизинде “Де-факто” гезитине граждандык тартипте Биринчи май райондук соту 2 млн. сом айып салган. (BuS)

XS
SM
MD
LG