Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:00

Аба ырайы: 20-августта Кыргызстанда жаан-чачын болбойт


Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 20-августта Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жеткен желаргы жүрөт.

Абанын температурасы:

Талас жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33 градус.
Чүй аймагында түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34 градус.
Баткен дубанында түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33 градус.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +29…+34 градус.
Ысык-Көлдө түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26 градус болот.
Нарын жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29 градус.
Бишкекте жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсун +14…+16, күндүз +30…+32 градус.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG