Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:21

Орусия аскерлеринин брондуу унаалары Гори шаарынан чыгып кетүүдө


Батыш агенттигинин кабарчыларынын айтымында, Грузиянын ичкерки аймагындагы стратегиялык маанилүү шаар – Гориден бүгүн кечинде орус танктары жана БТРлары чыгып кетишти. Орус офицерлеринин биринин айтымында, бул колонна Түштүк Осетия аймагына багыт алды жана бул жактан андан ары Орусияга кайтып кетмекчи. Ал эми Грузиянын ички иштер министрлиги болсо орус аскерлери тек гана сырткаркы дүйнөгө Грузиядан “чыгымыш этип” көрүнүп жатканын айтты.
Орусия менен Грузия өткөн апта соңунда ок атышууларды токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан, бирок Кремл өз аскерин дүйшөмбү күнү чак түштөн баштап Грузиядан чыгара баштайм деген убадасын ал күнү аткарган эмес.

XS
SM
MD
LG