Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:26

8:00 Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарында мамлекеттик матрезервден бөлүнгөн Казакстандын уну эмес, Кытайдын уну таратылган


Жакыр жашаган үй-бүлөлөргө бөлүнгөн арзан баадагы унду чыгаруу үчүн мамлекеттик матрезервден 10 миң тоннадан ашуун Казакстандын даны бөлүнүп, 6 миң тоннадан ашык ун чыгарылган. Бул багытта бөлүнгөн ун сакталган кампаларды текшерүү учурунда Ысык-Көл, Нарын облустары үчүн берилген ун сакталган кампаларда Казакстандын эмес, Кытайдын уну сакталып, элге таратылып аткан. Лабараториялык иликтөөлөр “Балыкчы-Даназык” кампасындагы 952 тонна ундун жегенге жараксыздыгын жана сууга нымдалганын аныктаган. Ошондой эле Ош облусунда элге 732 тонна Кытайдын уну сатылган. Бул иштерге байланыштуу каржы полициясы иликтөө жүргүзүүдө. Өкмөт токтомунун ишке ашырылышын иликтеген атайын комиссия тарабынан дагы бир мыйзамсыздык –арзан баа менен сатылган ун социалдык фонд тарабынан тизмеленген үй-бүлөлөргө эмес, башка адамдарга берилгени аныкталган. Белгилей кетүүчү нерсе – жакыр жашаган үй-бүлөлөргө бөлүнгөн ун килограммы 16 сом 60 тыйындан накталай акчага сатылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG