Анда 5-октябрга белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоого бир күч катары катышуу, шайлоодо мыйзамдуулуктун, адилеттүүлүктүн камсыздалышын биргелешип көзөмөлдөө маселелери талкууланды. Эки партия мындай кеңешүүлөрду башка максатташ партиялардын катышуусу менен улантуу жыйынтыгына келишти. Бул тууралуу “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, эки партия ошондой эле ар кандай акцияларга биргелешип катышууну да макулдашты.(AiT)