Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

14:30 Бээжиндеги Олимп оюндарына катышкан спортчулардын калганы 27-августта келишет


Бул тууралуу Бишкек шаардык спорт комитетинин бөлүм башчысы Эркин Абдылдаев бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жеңил атлетика боюнча төрт спортчу жана эркин күрөш боюнча үч спортчунун мелдеши Олимп оюндарынын акыркы күндөрүнө туш келгендиктен, алар XXIX олимпиаданын жабылыш салтанатына катышып Кыргызстандык делегация менен 27-августта Бишкекке келишет. Олимп оюндарына катышкан Кыргызстандык жыйырма спортчунун он үчү буга чейин мекенине кайтып келишкен. Алардын арасында олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 24 жаштагы балбан Канат Бегалиев күмүш медалын, дагы бир балбан 22 жаштагы Руслан Түмөнбаев коло медалын жеңип кайтышкан. 8-августта ачылган XXIX олимпиаданын салтанаттуу жабылышы Бээжинде бүгүн (жергиликтүү убакыт боюнча) кечки саат 20:00 болот. (AJ)

XS
SM
MD
LG