Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

09:28 Өкмөт башчы авиакырсык боюнча чукул жыйын өткөрдү


Транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулаймановдун жыйында берген маалыматы боюнча кырсыка учураган “Боинг-737” учагы Бишкек-Тегеран каттамы боюнча “Манас” аба майданынан 20.30да абага көтөрүлгөн. Андан 5 мүнөт өткөндө техникалык себепке байланыштуу артка кайтуу боюнча экипаждан малымат түшкөн. Бирок учак аба майданга жетпей сат 20.43тө Жаңы-Жер айылынын аймагына авариялык абалда конууга аргасыз болуп, жерге түшкөн учак кыйроого кабылып, күйүп кеткен. Учакта 83 жүргүнчү, экипаждын 6 мүчөсү жана Ирандын “Asserman air” авиакомпаниясынын бир өкүлү болгон. Алардын арасында Кыргызстандын 24, Ирандын 52, Канаданын 2, Туркиянын 1, Казакстандын 3 жана кытайдын 1 жараны болгон. Болжолдуу маалымат боюнча, бул кырсыктан 65 адам мерт болуп, жаракат алган 22 адам учурда ооруканада. Мындан сырткары 3 адам медициналык жардам көрсөтүлгөн соң үйлөрүнө жиберилди.(SM)

XS
SM
MD
LG