Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:29

Б.ЖЭЭНБЕКОВ: БИЙЛИК КАНДАЙ БОЛСО ДА ЭКИ ГЕЗИТТЕН КУТУЛУУСУ КЕРЕК


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек Кыргызстандыгы оппозициялык маанайдагы маалымат каражаттарын тескөө күч алгандыгы тууралуу сөздөр учурда байма-бай айтылууда. “Алиби” жана “Де-факто” гезиттери кириптер болгон сот иштери, андан соң салынган айып пулдар бийликти сындаган башка эркин маалымат каражаттарына да берилген сабактай сезилет. “Алиби” гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбеков ал ээлик кылган гезитке карата бийликтин кысымы тууралуу “Азаттыктын” таңкы маегинде сөз кылды.

“Азаттык”: - Бабырбек мырза, Биринчи май райондук сотунун жана сот аткаруучуларынын, Бишкек шаардык сотунун “Алиби” гезитине карата мамилесине кандай баа бересиз?

Б. Жээнбеков: - Бул жерде айта кетүүчү бир нерсе болуп жатат, сот аткаруучулар менимче, мыйзамдын тегерегинде иш жүргүзүп атат. Бирок алардын жүргүзүп аткан мыйзамдуу иш аракеттерине карабастан, 22-август күнү Бишкек шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башкы башкармалыгынын тергөө башкармасы тарабынан мага карата кылмыш иши козголуп, бүгүн саат тогузда тергөөчү Байчаевге барышым керек болуп турат. Бул ишти козгоо тууралуу арызды доогер Салиев Асылбектин адвокаттары, өкүлдөрү берген экен. Мен ал арыз менен тергөөчүнүн кабинетине барып таанышып чыккам. Өткөн жума күнү биздин биринчи маегибизге тергөөчү бул боюнча өзүнүн оюн билдирген. Анын айтуусу боюнча бул ишти козгоого кызыкдар адамдар болуп жаткан экен. Ошондуктан бул иштин козголушуна эч кандай таң калбайм бүгүнкү күндө.

“Азаттык”: - “Де-факто” гезитине айрым бир мекеменин доо арызы аркылуу дагы 1 млн. сом, жалпысынан 4 млн. айып пул салды деген маалымат бар. Муну айрым бир талдоочулар бийлик тарабынан “Алиби” гезити менен “Де-фактого” карата жасалган саясий кысым катары баалашууда. Сиздин көз карашыңызда бул эки гезитке карата тагылып жаткан айыптардын окшоштугу жокпу?

Б. Жээнбеков: - Эки гезитке тагылып жаткан айыптардын окшоштугу өзүнөн өзү эле көрүнүп турбайбы. Анткени эки гезит тең бүгүнкү күндө коомдогу болуп жаткан кемчиликтерди ачык көрсөтүп жаткан. Ошондуктан, кандай болгон күндө дагы бул эки гезиттен кутулуу керек болчу. Мындай деп айткандыгымдын себеби, биз сот аткаруучуларга өзүбүздүн сунушубузду айткан элек, эгерде доогер Салиев тарап макул болсо, биз гезитти сатуудан түшкөн акча каражаттарын беребиз деп.

“Азаттык”: - Бул бийликтин сөз эркиндигин кысууга жасаган аракетиби же сиздин уулуңуз Равшан Жээнбековго байланыштуу гезитти жабуу аракетиби?

Б. Жээнбеков: - Бул жерде эки нерсе тең болуп атат. Биринчиден, албетте эркин гезиттерди басуу, аны чыгарбай коюу болуп атат. Экинчиден, албетте бул менин уулума тиешелүү болуп атат. Анткени ал чет өлкөдө жүргөңдүгүнө карабастан, бүгүнкү биздин өлкөдө болуп аткан ар кандай негативдүү көрүнүштөргө карата өз пикирин билдирип, өз позициясын ачык айтып жатат. Ошондуктан, ушул себептер тең мен биздин гезитке жасаган басым, анан гезитти жабуунун аракети деп эсептейм.

“Азаттык”: - Бүгүн маалымат жыйынын өткөргөн атыптырсыңар, кайсы маселелерди козгойсуздар?

Б. Жээнбеков: - Биз бүгүн саат 12де “АКИ-пресс” маалымат агенттигине пресс-конференция өткөрөлү деп чечкенбиз. Ушул “Алиби” гезитине карата болуп аткан кысым кандайча жүргүзүлүп атат, соттор тарабынан биздин койгон жүйөөлөрүбүз эмне үчүн угулбай атат, ал кандай жүйөөлөр эле, тергөө органдар эмне үчүн кылмыш ишин козгоп жатат. Ушул убактын ичинде 1-Май райондук сотунун судьясы Давлетбаева тарабынан каралгандан баштап бүгүнкү күнгө чейин сот органдары, тергөө органдары тарабынан дегеле гезитке кандай басым жасалып атат, “Алиби” гезитине коюлган дооматтар негиздүүбү, негиздүү эмеспи, ушунун баарын биз маалымат жыйынында кенен-кесири айтып бермекчибиз.

“Азаттык”: - Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG