Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. Кыргызстандын “Итек эйр” компаниясына таандык Боинг 737 учагы 24-августа кырсыкка учурап, анда 65 адам өлгөнү белгилүү. Аба кырсыгын иликтөө үчүн транспорт жана коммуникация миинстрлиги атайын комиссия түзүп, анын ишине Москвадагы эл аралык аба комитетинин адистери чакырыларын билдирген. Чакырылган адистер бүгүн келишти деп белгилешти маалымат кызматынан.(AiT)
16:38 Боинг-737 учагынын кырсыкка учуроо себебин иликтөө үчүн Москвадан атайын адистер келди