Келген кабарларга караганда учакты уурдай качкандар он чакты киши. Алар шейшембиде Судандын Дарфур аймагынан борбор шаар Хартумга учуп бараткан учакты ала качышкан. Учактын бортунда жүздөй жүргүнчү бар экендиги айтылууда. Алар учакты Ливиянын Куфра деп аталган чөлүнө барып кондурушуп, эми лайнерге май куюп берүүнү жана Парижге учуп кетүүгө жол ачууну талап кылышууда.
Суданда жүргүнчүлөр учагын уурдай качкандар экипаждын командасын барымтада кармап турушат