Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Дүйшөмбү шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити аяктады


ШКУга мүчө өлкөлөр Грузиянын жикчил аймактарынын көз каранды эместигин таануу жаатында Орусия каалагандай Кремлди колдоо мүнөзүндөгү чечимди кабыл алышкан жок. ШКУ лидерлери тек гана Орусия менен Грузияны элдешүүгө жана талаштуу маселелерди сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө чакырып чектелишти. Кыргыз президенти ШКУ мүчөлөрүн Европа Биримдиги жана ЕККУ менен тыгыз кызматташууга чакырды. ШКУга Орусиядан тышкары Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан кирет.
Саммит учурунда бир катар эки тараптуу да жолугушуулар болду. Кыргыз президенти Курманбек Бакиев Кытай президенти Ху Цзинтао менен сүйлөшүп, кыргыз-кытай алакаларынын азыркы деңгээлине жылуу бааларын беришти.

XS
SM
MD
LG