Жалал-Абат облусунун Ноокен районунун тургуну Акыбай Сооронбаев учактын кыйроосуна өкүнүп турганын билдирип, дүйнөдө учактардын учуу коопсуздугуна абдан тыкыр көңүл буруларын, ал жактарда учуу эрежелери катуу көзөмөлдөнөрүн, ошол себептүү өнүккөн өлкөлөрдө учактардын кырсыкка учуроо тобокелчилиги аз болорун, андыктан сактанууга мезгил жеткенин айтат.
“24-августтагы кыйроо кечээ эле башталган жок. Бул кыйроо - биздин аба майданы тармагыбыздын начарлыгын, көп жылдардан бери эрежелер сакталбай келатканын билдирет. Муну азыр кокустукка шылтап атышат. Андай кылбай, кырсыкка тиешеси бар чиновниктерди комиссияга аралаштырбаш керек. Ошол себептүү ушул тармакты ушундай абалга алып келген адамдарды жоопко тартыш керек”,- дейт А.Сооронбаев.
Ал эми Бишкек шаарынын тургуну Тажиниса Турдубаева кырсыктагандардын жакындарына көңүл айтып, бул кайгы алардын эле эмес жалпы Кыргызстандын кайгысы болуп калганын, орозо айынын башталаар алдында, эгемендик күнүнүн босогосунда болгон бул кырсык жалпы жумурай журтту өкүндүргөнүн билдирди.
Ал эми дагы бир “Эл үнүнө” байланышка чыккан Кушубак Өмүралиев аттуу угарманыбыз, белгилүү эстрада ырчысы Гүлнур Сатылганованын ишмердүүлүгү тууралуу пикирин билдирип, жакында эле бул ырчы Камбар-Ата ГЭСине барып бекер концерт койгонун, ал гана эле эмес ГЭСтин курулушуна салым катары 200 миң сом кошконун, мындай жөрөлгө башка да кыргызстандык ишкерлерге жана алдуу-күчтүүлөргө өрнөк болорун атты. “Гүлнур мындай кадамы менен бүгүнкү күндүн Кыз Сайкалы болуп калды”,- дейт ал.
Ошондой эле паспорттук режимге шылтоолоп Бишкекте кармоолор жүрүп жатканына нааразы болгондор бар. Асылбек Кудайбергенов аттуу Бишкек шаар тургуну, айрым тартип сакчылары паспорттук текшерүү деген шылтоо менен дүкөнгө кеткен адамдарды деле бир канча саатка камап, көп учурда алардан акча өндүрүп жатышканын айтат.
Угарманыбызга Акыйкатчы Турсунбек Акун жооп берип, милиция кызматкерлери өзгөчө учурларда өзүлөрү, ал эми демейде жогору жактан көрсөтмө болгон учурда паспорттук текшерүүлөрдү жүргүзүшөрүн, бирок паспорттук текшерүү да мыйзам чегинде болушу керектигин, жөнөкөй жарандын укугун бузууга болбой турганын айтты. “Ар бир адам өз укуктарын билип, тыңыраак болушу да керек”,- дейт Т.Акун.
Ал эми Жалал-Абат облусунун “Эл үнүнө” кайрылган тургундары, электр энергиясы, кымбатчылык, азык-түлүк каатчылыгы тууралуу көйгөйлөрүн билдиришти.
Ал эми Ош облусунан бизге кайрылган угармандарыбыз, жаңы мектептердин курулушу, мугалимдердин тагдыры, алардын маянасы, педагогикалык стаж үчүн төлөмдөр жана предметтер боюнча олимпиадалардын оош-кыйышы тууралуу түйшөлүштү.