Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:32

ОРДОЛУУ ОШТОГУ ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН САЛТАНАТЫ


Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 17 жылдыгы 24-августагы авиакырсыкка байланыштуу баш калаа Бишкекте биринчи жолу белгиленген жок. Ал эми өлкөнүн түштүк борборунда майрамдык салтанат расмий маанайда башталды. Бул жолку салтанаттын өзгөчөлүгү мамлекеттин гимн менен башталып, «Ак жол» партиясынын ыры менен аяктаганы болду.

Кыргызстандын гимни менен ачылган майрамдык салтанатта өлкөнүн түштүк баш калаасынын мэри Жумадыл Исаков кыскача буларга токтолду.

- Жылдан жылга өлкөбүздүн экономикалык абалы жакшырып, саясий кырдаалы турукташуу жолунда бараткандыгы баарыбызга даана байкалып турат. Бул майрамга биз жыл сайын барандуу ийгиликтер, жетишкендиктер менен келишибиз керек. Сөзүмдүн акырында мамлекетибизде болгон кайгылуу авиакырсыктан жапа чеккен ар бир үй бүлөгө жана алардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кыргыз элинин ар дайым керегеси керилип, дасторконунан кут кетпесин демекчимин.



Ага улай кеп тизгинин алган Ош облус губернтору Аалы Карашев:

- Райондордо болгон табигат кырсыктарына карабай бүгүнкү улуу майрам уюшкандыкта, жарык маанай менен өтүп жатат. Биз алдыбызда турган ар түрдүү кыйынчылыктарды жеңе алабыз жана алдыга койгон максаттарды турмушка ашырууда ийгиликтерге жетишебиз!

Ошто жүргөн эмгек жана социалдык коргоо министри Өктөмхан Абдуллаева жакында болгон авикырсык менен жашоо бүтпөйт, ал эми даталуу күндөр сөзсүз белгилениши кажет деген ойдо:

- Майрамда кайгыруу менен эле күн өтпөсө керек деп ойлойм. Эне катары кааларым, эненин көз жашын эч ким көрбөсүн. Бул дагы кырсык экен, сабырдуулук кылыш керек деп ойлойм.

Эгемендүүлүктүн 17 жылдык салтанаты андан ары театрлаштырылган оюн-зооктор менен коштолду.



Жергиликтүү режиссер, акын жана жазуучу Ишенгазы Мусаев бийлик жаңыланса да, эгемендүүлүк майрамынын Оштогу сценарийи Акаев мезгилинен бери өзгөртүлбөстөн, тескерисинче, калктын көңүлүнө көк таштай тийгендигин жашырган жок:

- Республика токтотуп койсо, биз эмне үчүн өткөрүшүбүз керек. Президенттин сөзү сөз эмеспи биздин оштуктар үчүн. Биз шаңдалек-маңделекке эле көңүл бөлөбүз. Бул майрамды өткөрсө укмуштай кылып өткөрүш керек. Өткөрбөсөңөр эмне кереги бар, концертиңди берип кой дагы, жөн кой.

Ал эми коомдук ишмер Төлөн Дыйканбаев улут каймактары жыл сайын 31-августта эле чогула калбастан, алар Кыргызстандын олуттуу маселелерин талкуулоону, аны чечүүнүн жол-жоболорун аныктоону такай жүргүзүп турса, мамлекет мындан утуп, анын өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлөөр эле деген үмүттө:

- Улуттун каймактары деген бул эгемендик күнү эле ойлонбостон, бул ойду жатканда да, турганда да ойлош керек.

Ордолуу Ош шаарындагы майрамдык салтанат өлкө президенти жетектеген «Ак жол» партиясынын гимнине айланган ыр менен жыйынтыкталды.

XS
SM
MD
LG