Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

9:56 Жогорку Кеңеш өз ишин баштады


Жайкы эс алуудан кийин парламенттин сессиясы Кыргыз республикасынын гимни менен ачылды. Андан соң спикер Айтибай Тагаевдин өтүнүчү менен 24-августта Жаңы-жер айылынын аймагында кырсыкка учураган аба учагынан каза болгондорду бир минута эскерүү болду. Ошондой эле төрага депутаттарды 31-август эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Сөз премьер-министр Игор Чудиновго берилип, ал Жогорку Кеңештин сессиясынын ачылышы менен куттуктап, экономикалык жана социалдык маселени чечүүдө өкмөт менен парламент биргелешип алгылыктуу иш алып барышарын белгиледи. Куттуктоо сөз мамлекеттик катчы Досбол Нур уулуна берилип ал саясий партия менен куралган парламент ишенимге кирип, экономикалык жана саясий маселелерди чечүүдө зор иштерди аткарып жатканына токтолду. Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылыштагы экинчи сессиянын ачылышына 79 депутат катышты. (AJ)

XS
SM
MD
LG