Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:54

Ингушетиянын борбору Назранда жергиликтүү оппозициянын митинги күч менен таратылды


Митинг бүгүн эртең менен таратылды. Жергиликтүү укук коргоочулардын маалыматына караганда, чогулгандарды таратуу үчүн милиция желим таяктарды колдонду. Элүүдөй адам өткөн түндү Назрандын борбордук аянтында өткөрүшкөн эле. Нааразылык акциясы кечээ ингушетия.ру деген интернет сайттын ээси Магомед Евлоевдин тажиясынан кийин башталган. Ал милиция кармап келе жатканда ок жеп, мерт болгон. Ингуш бийликтери болсо Магомед Евлоев кокустуктан каза тапты деп билдиришкен.
Кабарларга караганда, чогулгандар ушул окуя боюнча кылмыш иштери адилет тергелишин жана ингуш президенти Мурат Зязиковдун отставкага кетүүсүн талап кылышкан.
Бул аралыкта Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму билдирүү таратып, Магомед Евлоевдин өлүмү аймактагы жалгыз сынчыл үндү өчүрүү боюнча атайы башкарылган өнөктүктүн жыйынтыгы экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG