Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:31

11:50 Парламент энергетикалык кырдаалды талкуулайт


“Ак жол” фракциясынын бүгүнкү жыйынында энергетика тармагындагы кырдаал, маал-маалы менен электр кубатын өчүрүүгө байланышкан маселе да талкууга алынды. Мунун натыйжасында фракция бул боюнча өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбековдун отчетун угууну туура деп тапты. Министр жакынкы күндөрдөгү парламент жыйынына чакырылмакчы. Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген депутат Ажыбай Калмаматовдун айтымында, соңку күндөрдө айрым аймактарда, маселен Ош шаарынын кээ бир жерлеринде электр кубаты күндө-түндөп берилбеген учурлар кездешүүдө. Энергетикалык кырдаалга байланышкан маселени козгоорун кечээ Коммунисттер фракциясынын башчысы Исхак Масалиев да айтып чыккан. Анын белгилешинче, электр кубатын маал-маалы менен өчүрүү айла кеткендеги иш, бирок өлкө мындай энергетикалык кризиске кабылып калышына кимдир бирөө жооп бериши керек.(SM)

XS
SM
MD
LG