Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:28

ОРУСИЯ ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИНИН ТҮРКИЯГА САПАРЫ


Аким Өзгөн, Стамбул Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров 1-сентябрда бир күндүк иш сапары менен Түркияда болду. Министр Лавров Стамбул шаарында түрк кесиптеши Али Бабажан менен эки тараптуу кызматташтык боюнча баарлашып, эл аралык маселелерди талкууга алды.

Орусиянын тышкы саясат мекемесинин жетекчиси Стамбул шаарында түрк кесиптеши Али Бабажан менен жолугушуп, Грузия кризиси жана эки-ара соодада келип чыккан талаш-тартыштарды талкуулады. Жолугушуудан кийин уюштурулган басма сөз жыйынында Министр Бабажан соңку учурда Орусиянын бажыканаларында Түркиядан ташылган товарды текшерүүнүн күчөтүлүшү бир топ кыйынчылыктарды жаратууда экендигин билдирип, эки өлкө ортосундагы кызматташууга мындайча баа берди:

Түркия менен Орусия эки дос өлкө. Биздин мамилелерибиздин бутасы - көп кырдуу өнүккөн шериктештик болуп эсептелет. Орусияны Түркиянын кошуна жана дос өлкөсү гана эмес анын соода жана энергетика тармагындагы башкы шериктеринин бир катары эсептелет.

Түркия министри Кавказдагы тынчтык жана туруктуулукка салым кошуу үчүн анын өлкөсү да жоопкерчиликтүү экенин кошумчалады:

Бул өңүттөн алып караганда, өлкөбүздүн чоң жоопкерчиликтери бар. Түркия ар дайым маселелердин сүйлөшүү жолу аркылуу чечилүүсү үчүн колунан келгендин бардыгын жумшоого даяр. Түркия кийинки аралыкта Грузияда орун алган окуяларды кабатырлануу сезимдери менен байкап турат.

Андан соң министр Түркия Грузиянын аймактык бүтүндүгү жана эгемендүүлүгүнө чоң маани берээрин, орусиялык кесиптеши менен “Кавказдагы туруктуулук жана кызматташтык платформасы” жөнүндөгү Анкаранын демилгесин карап чыгышканын билдирди.

Сергей Лавров Стамбул шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан кезде Босфор кысыгынан АКШнын бир согуштук кемеси Кара деңизге өткөнү маалымдалды. НАТОнун кемелеринин Дарданелл жана Босфор кысыгынан өтүүсүнө жол берген Түркия Кавказдагы кризистен кийин батыштагы шериктештери менен катар эле түндүктөгү кошунасы Орусия ортосундо оңтойсуз абалга калганы айдан ачык.

XS
SM
MD
LG