Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

17:55 Жалал-Абад облусундагы өрт өчүрүүдө бир адам курман болду


Облустун Токтогул районунда 31–августта башталган өрт дагы эле токтой элек. 2-сентябрда өрттү өчүрүү маалында таш кулап кетип, Терек-Суу айылынын 47 жаштагы тургуну Табылды Култаев каза болгон. Өрттү өчүрүүгө жергиликтүү тургундар менен бирге жоокерлер жана техникалар тартылган. Бирок андан майнап чыкпай тоо баштарына суу чачуу үчүн вертолет жалдаганга облустун каржылык чама-чаркы жетпей келатат. Быйыл Кетмен-Төбө өрөөнүнөн сырткары Ноокен, Тогуз-Торо райондору менен Майлуу-Суу шаарына караштуу 2300 гектардан ашык жайыт өрттөндү. Табияты кооз Чычкан капчыгайында арчалар жана башка бадалдар күйүп, табият олуттуу зыян тартты. Өрттүн чыгуу себептери Чукул кырдаал министрлигинин адистери тарабынан такталууда. (YA)

XS
SM
MD
LG