Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

НИКАРАГУА АБХАЗИЯ МЕНЕН ТҮШТҮК ОСЕТИЯНЫ ТААНЫДЫ


Никарагуа Абхазия жана Түштүк Осетия жумурияттарынын көз карандысыздыгын тааныды. Ошентип, бул Борбордук америкалык өлкө Грузиянын жикчил аймактарын тааныган Орусиядан кийинки экинчи мамлекет болуп калды. Айрым кабарларга ылайык, Никарагуанын президенти Даниэл Ортега Москванын турумун колдой турганын билдирди.

Мурдагы марксист согушкер, революционер Даниэл Ортега “кансыз согуш” учурунда Москванын жакын санаалашы, АКШнын, анын сөзү менен айткандай, Латин Америкасындагы империалисттик саясатынын сынчысы болуп келген.

Байкоочулар белгилендей, Абхазия менен Түштүк Осетиянын эларалык коомчулуктун дипломатиялык колдоосун жакын арада алуу мүмкүнчүлүктөрү жокко эсе экени жашыруун эмес. Анда Ортегага эки жикчил жумуриятты таанууга эмне түрткү берди? Же ал жөн гана Вашингтондун кыжырын дагы бир жолу келтирүүнү көздөдүбү?

Атүгүл, Латин Америкасындагы авторитардык режимдердин лидерлери, Венесуэла жана Куба президенттери Уго Чавес жана Раул Кастро Грузиянын жикчил аймактарын тааныша элек. Алар Москвага моралдык колдоосун билдирүү менен гана чектелишти.

Баса, ошондой эле колдоосун Беларус мамлекет башчысы Александр Лукашенка 19-августта Сочиде орус президенти Медведев менен жолугушканда айткан:

Кошуна мамлекет тарабынан болгон агрессия маалында көргөзгөн акылмандуулуңуз үчүн ырахматымды айтам. Мен аны согуш деп атай албайм. Бул – региондо бейпилдик орнотууга багытталган тынч реакция болду.

65 жаштагы Ортега Никарагуанын Ла Либертад шаарында, ортоңку класска таандык үй-бүлөөдө туулган. 15 жашынан эле солчулдардын ишмердүүлүгүнө аралаша баштаган.
Юридикалык факултьтетте окуп жүргөн кезинде Сандинисттердин улуттук боштондук фронтуна кошулат.

1979-жылы Ортега диктатор Анастасио Сомосанын режимин кулаткан көтөрүлүшкө катышат. Кийинчирээк бийликтеги хунтага кирип, 1985-жылы Никарагуанын президенти болуп шайланган.

Ал аралыкта АКШ Ортеганын марксисттик революцияны Латын Америкасында жайылтуу аракеттерине кыжырданып, ал кездеги президент Рональд Рейгандын администрациясы Борбордук чалгындоо башкармалыгына «контрас» деген ат менен белгилүү болгон жоочуларды машыктырууга, курал-жарак менен камсыздоого уруксат берген.

Контрас Ортеганы бийликтен кетире албаганы менен, ал 1990-жылкы президенттик шайлоодо жеңилип калган. 15 жыл оппозицияда болуп келген Ортега 2006-жылы мамлекет башчылыкка кайрадан шайланды.

Мурдагы марксист өзүн социал-демократ деп атай баштаган. Бирок анын Абхазия менен Түштүк Осетияны таануу кадамы эски доордун жаңырыгы катары сезилет.

Cүрөттө: Никарагуанын президенти Даниэл Ортега

XS
SM
MD
LG